15:26, 10 января 2018, 24.kg

Казакстан Кыргызстандын таттууларына жол ачты

Казак бийлиги Кыргызстандан кондитердик азык-түлүктөрдү алып кирүүгө жана сатууга киргизилген чектөөнү алып салды.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитети тараткан билдирүүгө караганда, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги «санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды» жүргүзгөнү жана «Куликовский кондитердик үйү» ишканасына карата «көзөмөлдү күчөткөнү» чектөөлөрдү алып салууга себеп болгон.

Комитет талапка төп келбеген продукцияларды сатуу тобокелчилигин төмөндөтүү үчүн жогорудагы ишканалардын товарларынын коопсуздугуна байкоо жүргүзүүнү улантарын белгилеген. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимине жараша жүзөгө ашат.

Ноябрда «техникалык регламент талаптары бузулган» деген жүйө менен Кыргызстандан Казакстанга сүт, эт жана кондитердик продукцияларды алып кирүү токтотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18