11:43, 10 января 2018, 24.kg

Анжелика Бекболиеванын күйөөсү аялы жөнүндө ушак таркаткандар менен соттошот

Анжелика Бекболиеванын күйөөсү аялы жөнүндө ушак таркаткандар менен соттошот. Бул тууралуу Кыргызпатенттин мурдакы жетекчиси Марат Назарбаевдин жубайы Айжан социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Анын айтымында, Урмат Бекболиев Айжандын телефонуна жазып, аны коркутуп үркүтүүдө.

«Урмат менин үйүмө келип сүйлөшкөндө Анжелика менен Мараттын ортосундагы мамилелерди билерин айткан. Эми кайра сотко берем деп коркутат. Алар азыр үй-бүлөсү менен Марат сатып берген батирде жашайт» - деп жазат Айжан.

Photo 55559

Айжан кайра артка тартпасын, Марат Назарбаев менен ырчынын ортосундагы мамилени далилдөөгө даярдыгын айтат. 

Эскерте кетсек, Анжелика менен Марат Назарбаевдин ортосундагы мамиле тууралуу маалымат Instagram социалдык тармагында пайда болду. Аны ырчы четке кагып, атайын каралоо катары баалаган. 

Учурда Дубайда эс алып жүргөн Анжелика Айжандын бул сөзүнө Instagram аркылуу «ушакчылар ушинтип бирөөнү каралоо менен убакыт өткөрөт. Талантуу киши ар бир арылдаган итке таш ыргытпай, алдыга жылышы керек» - деп жооп берди. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18