11:00, 10 января 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Кыргызстан жарандарына дин тутуу эркиндигин кепилдейт

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ата-энем акыркы жылдары динди катуу кармап баштады. Намаз окуп, орозо кармап, исламдын талаптарын толук аткарат. Мен кудайга ишенбейм. Бирок, ата-энем мусулмандык милдеттерди аткарууга мажбурлап жатат.

Жооп: Динге мажбурлоо туура эмес. Ага ар бир адам өз калоосу жана ички жан дүйнөсү менен келиши керек. Эч ким бирөөнүн күчү менен динге берилбейт. Ал алдоо болуп саналат. Бул куранда дагы айтылган.

Андан тышкары, биздин өлкөнүн башкы мыйзамына ылайык ар бир жаран дин тутуу эркиндигине ээ. Сиз каалаган диниңизге ишенип, же ишенбей, кааласаңыз атеист болуп жашай аласыз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18