09:08, 10 января 2018, 24.kg

Москвада өлтүрүлгөн кыргызстандыктын сөөгү мекенине жиберилди

Москвада киши колдуу болгон эки кыргызстандыктын бири Мурат Маматалиевдин сөөгү мекенине жиберилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Мурат Маматалиевдин сөөгүн туугандары алып кетишти.

Искендер Жолборсовдун сөөгүн Россиянын укук коргоо органдары тергөөнү аяктагандан кийин мекенине жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, ИИМдин маалыматында, Искендер Жолборсов Москва облусунда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ал учурда Кыргызстанда түрмөдө жаткан Сакал каймана аттуу Улан Токтосуновдун тобунун мүчөсү экендиги айтылууда. Искендер Жолборсов 1980-жылы Ош облусунда төрөлгөн. Москвада үй-бүлөсү менен бирге жашап келген.

Ал эми Мурат Маматалиев жакында эле Москвага келип, евроремонт жасап иштеп жаткандыгы айтылат. Москвадагы кыргызстандыктар учурда маркумдун артында калган 7 жашар баласынын Германиядагы операциясына акча топтоодо.

Мурат Маматалиев менен Искендер Жолборсов 29-декарь күнү жоголуп, 7-январда дарыя жээгинен сөөгү табылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18