08:57, 10 января 2018, 24.kg

Собчактын Питердеги штабына «Өлтүр. Же кайтала» деп жазылган кат таштап кетишти

Шейшембиде Ксения Собчактын Санкт-Петербургдагы штабынын кызматкерлери белгисиз адам «Өлтүр. Же кайтала» деп жазылган кат таштап кеткенден кийин полиция чакырышты.

Штабдын координатору Николай Артеменконун «Новая газетага» билдиришинче, кат Пелевин менен Кастанеданын китептери салынган баштыкта болгон. Айтымында, аны алып келген киши «Биз баарыңарды ачыкка чыгарабыз» деп айтып, имараттын дубалына антисемисттик сөздөрдү жазып кеткенин кошумчалаган.

Полиция кызматкерлери бул окуяны штаб кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч деп эсептебейт.

Декабрдын соңунда Ксения Собчак Орусиядагы президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган. Теле алып баруучу өзүн «бардыгына каршы» талапкер деп атап келет. Айрым ММКлар анын талапкер катары көрсөтүлүшүнө президенттик администрациянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Бирок Собчак Кремль менен байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18