11:19, 09 января 2018, 24.kg

Белгилүү ырчы Арсен үйлөнөт

Белгилүү ырчы Арсен үйлөнөт. Бул тууралуу маалымат социалдык тармакта тарады. Бирок, ырчы өзү азырынча маалыматты тактай элек.

Мындай сөздөргө Арсен Instagram баракчасына ак түстөгү роза гүлүнүн букетин кармап түшкөн сүрөтү түрткү болду. Ырчынын күйөрмандары Бегимай аттуу кызынын колун сураганы жатканын жазышты.

Арсендин сүйлөшкөн кызы Бегимай Омар Жанышовдун тоюнда келиндин гүлүн кармап алган. Ошондо эле шоу бизнес өкүлдөрү тойдун кезеги Арсенге өткөнүн жазып чыгышкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кыргыз шоу бизнеси тойлорго бай болду. Омар Жанышов, Жоомарт Бешим, Сайкал Садыбакасова жана бир катар ырчылар үй-бүлө курушту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18