09:29, 09 января 2018, 24.kg

Сүйүнчү февралдан берилип баштайт

Сүйүнчү февраль айынан берилип баштайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигтине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Алардын айтымында, январь айында төрөлгөн балдарга ата-энелери тийиштүү кагаздары тапшыра берсе болот. Бирок, сүйүнчү азыр ала алышпайт.

«Январдын аягынан акча берилип баштайт. Анткени каржылоо февралда гана башталат. Тийиштүү кагаздарын тапшыра берсе, сүйүнчүнү алышат», — дейт министрликтин өкүлү.

Акчаны алуу үчүн бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту, жашаган жеринен маалымдама алып келиши шарт.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков «Жөлөк пул» тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүүгө кол койду. Ага ылайык сүйүнчү гана күчүндө калып, ар бир балага жөлөк пул берүү апрелге чейин жылдырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18