17:11, 08 января 2018, 24.kg

Калпакты улуттук баш кийим макамын мыйзам менен бекитүү сунушталууда

Калпакты улуттук баш кийим макамын мыйзам менен бекитүү сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев иштеп чыкты.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга сунушталды. Анда калпакты элдик маданий мурас катары таанып, аны коргоо үчүн мыйзамдык укугу бекитилери айтылат.

Долбоордо мамлекеттик жетекчилер чет өлкөгө сапарында, ар кандай расмий жолугушууларда жалаң ак калпак кийип жүрүшү белгиленет. Негизинен ага президент, премьер-министр, парламент төрагасы милдеттендирилет.

Андан тышкары, спортчулар, маданият кызматкерлери жана башка атуулдарга эл аралык мелдеш, сынактарда калпакты кийип чыгуусу сунушталат.

Ак калпакты башка максатта колдонууга, тебелеп-тепсөөгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, жакында иттердин көргөзмөсүндө итке калпак кийгизип чыккан көрүнүш коомду кызуу талкуу жаратты. Иттин ээсин жазалоо да сунушталды.

Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18