10:03, 08 января 2018, 24.kg

Сузакта каракчылар 61 жаштагы үй кожоюунун өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине түнү каракчылар кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Алардын маалыматында, каракчылар күрөк жана мык жулгуч менен үй-бүлө мүчөлөрүн сабашкан. 61 жаштагы үй кожоюуну жаракаттан көз жумду. Анын 53 жаштагы аялы жана 16 жаштагы кызы ооруканага жеткирилди.

Кылмыш иши козголуп, райондун 22 жаштагы тургуну кармалды. Ал кылмышын мойнуна алды.

ИИБнын маалыматында, шектүү менен үй кожоюунун ортосунда буга чейин келишпестиктер болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18