17:22, 29 декабря 2017, 24.kg

Бишкекте табылган арстандын күчүгү Алма-Ата зоопаркына берилди

Бишкекте табылган арстандын күчүгү Алма-Ата зоопаркына берилди. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.

Анын айтымында, арстандын күчүгүн бүгүн алып кетишти. Анын ордуна Алма-Атадан үч жашар аюу Каракол зоо паркына алынып келинди. 

Эскерте кетсек, арстандын күчүгүн Салтанат Сеитованын үйүнүн жанына таштап кетишкен. Ага Актилек деген ысым берилген. Ага чейин Бишкек шаарындагы тургундун үйүндө кармалган арстандын күчүгү табылган. Ага Акжолтой деген ысым ыйгарылып, ал учурда Каракол зоопаркында жашап жатат. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18