14:21, 29 декабря 2017, 24.kg

Жарандык активист журналисттердин Атамбаевге карызын төлөө үчүн акча топтоодо

Жарандык активист Адил Турдукулов укук коргоо Чолпон Жакупова, Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова, «Ата-Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтокунованы колдоп акча топтоодо.

Ал бүгүн Жогорку Соттун алдында туруп элдерден жардам сурады.

«Биз баарыбыз билгендей бул адамдардын баары президентке сотто утулуп, ири суммадагы акча төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бул чындыгында сөз-эркиндигине кысым» — дейт Адил Турдукулов.

Ал 20-декабрдан бери 20 миң сомдой топтоду. Учурда медиа уюмдар дагы президентке акчаны төлөөгө көмөктөшүп, бир күндүк айлыгын которушууда.

Эскерте кетсек, Чолпон Жакупова, Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова президентке 30 миллион сом төлөп бериши керек. Ал «Ата-Мекен» партиясынын юристтери 10 миллион сом карыз. Булардын баарына өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18