09:03, 29 декабря 2017, 24.kg

Ферганада кыздарды сойкулукка түрткөн балдар үйүнүн директору камалды

Фергана облусунун укук коргоо органдары Маргиландагы №1 Кайрымдуулук үйүнүн жетекчилигине өкмөт жана эл аралык донорлор тарабынан берилген каражатты уурдоо жана тарбиялануучуларга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Азаттыктык» өзбек кызматы маалымдагандай, Маргилан шаарындагы №1 Кайрымдуулук үйүнүн директору Кахрамон Орипов менен кароолчусу камакка алынды.

Ориповдун эки орун басары, башкы бухгалтер жана ондой кызматкер иштен алынды, аларга карата кылмыш иши козголду.

Өз булактардын билдиришинче, Кайрымдуулук үйүнүн директору ишке тууган-туушкандарын алып, балдар үчүн өкмөт жана эл аралык уюмдар берген каражатты уурдаган. Мындан тышкары тергөөчүлөр Кайрымдуулук үйүндө тарбияланган кыздарды сойкулукка түртүшкөн деген маалыматтарды текшерип, аларды гинекологдордун кароосунан өткөрүшүүдө.

«Кароолчу директордун тапшырмасы менен балдар үйүнө чоочун кишилерди киргизип турган. Азыр ал убактылуу тергөө абагында отурат», – деди өз булак.

Буга чейин бала бакчаларды түнкүсүн «жеңил ойлуу»  аялдарга ижарага берген бир нече кароолчу кармалганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18