12:05, 28 декабря 2017, 24.kg

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Алардын айтымында, шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кармалууда.

ИИМдин билдирүүсүндө, 29 жаштагы Э.О. аттуу Бишкек шаарынын тургунунан Макаров мылтыгы жана 17 ок алынды. Шектүү көрсөтмө берүүдө. Учурда анын калган шериктерин кармоо аракетин көрүүдө.

Эскерте кетсек, Улан Саляновду 5-ноябрда үйүндө өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмү эжесинин ишмердиги менен байланыштырылат. Бирок, укук коргоо органдары саясый себепти дароо эле четке кагып, тоноо катары карашууда. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18