09:49, 28 декабря 2017, 24.kg

Бермет Акаеванын саясатка кайтып келүү ниети бар

Мурдакы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева Кыргызстанга жана саясатка кайтып келүү ниетин NEXT TV каналына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жылдары саясатка аралашуу ою жок. Анткен менен келечекте ордун кыргыз саясатында көрөт.

«Биз агам экөөбүз депутаттыкка аттанып, чоң ката кетиргенибизди түшүнөбүз. Бирок, биз өмүр бою эле бийликте олтуруп, басып алалы деген оюубуз жок болчу» — дейт Бермет Акаева.

Бермет Акаеванын пикиринде, Аскар Акаев президенттин кезинде катачылыктар менен бирге бир катар реформаларды ишке ашыра алды.

«Мына ушундан улам Кыргызстан экономикалык кризистен башка өлкөлөргө салыштырмалуу оңой чыгып кетүүдө. Атам каталары үчүн кечирим сураган. Дагы эмнени мойнуна алышы керек?» — дейт ал.

Photo 54544

Эскерте кетсек Аскар Акаев үй-бүлөсү менен 2010-жылдан бери Москвада жашап келет. Анын жакында аялы Майрам, кызы Бермет менен Германияда мекендештер менен жолугушуу аракети ишке ашкан жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18