09:28, 28 декабря 2017, 24.kg

«Бешинчи каналдын» эмгек жамааты көрүүчүлөрү менен коштошот

Өлкөнүн алдынкы телеканалдарынын бири «Бешинчи каналдын» эмгек жамааты ишин жыйынтыктоодо. Бул тууралуу телеканалдын кызматкерлери билдиришти.

Билдирүүдө, каналдын жамааты толугу менен иштен кетип жаткандыгы айтылат. Алар эртең акыркы берүүсүн эфирге чыгармакчы.

Белгилей кетсек, каналдын башкы директору Евгения Бердникова, башкы редактору Дмитрий Ложников жакында кызматтан кетүү арызын жазышкан. Евгения Бердникова анын себебин каналдын мындан ары өнүгүүсү үчүн ордун бошотуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Айрым маалыматтар боюнча «Бешинчи каналдын» айрым кызматкерлери «ON1» каналында иштеп баштайт. 

«Бешинчи канал» мурдакы КООРТтун базасында түзүлгөн. 2010-жылы ал улутташылган. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18