13:17, 26 декабря 2017, 24.kg

Прокуратура Канатбек Исаевди 20 жылга камоону сурап жатат

Мамлекеттик айыптоо Канатбек Исаевди 20 жыл эркинен ажыратууну сурап жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунунун бүгүнкү отурумунда айтылды.

Жарыш сөздө прокурор Жогорку Кеңештин депутатын күчөтүлгөн тартиптеги абакка камоо менен үй-мүлкүн конфискациялоону талап кылды.

Исаев менен бирге соттолуп жаткан Болот Имамадиев жана Нурлан Эсенбековго 18 жыл суралды. Бактыбек Асагалиевди 16 жыл, Любовь Чудинованы, Алмаз Сейталдиевди жана Каныбек Аблабековду 9 жыл эркинен ажыратуу сунушталды.

Эскерте кетсек, парламенттин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев Токмок шаарын жетектеген кезде каала китепканасынын имаратын жана жер тилкесин жеке менчикке берген. Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинде жер тилкесинин баасы арзандатылып, сатууда дагы мыйзам бузулганы айтылат. Бул боюнча «Жемкорлук» беренеси менен иш козголгон.

Белгилей кетсек, Канат Исаев сентябрь айынын аягына УКМК тарабынан кармалган. Ага мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18