09:09, 26 декабря 2017, 24.kg

Москвада автобус жүргүнчүлөрдү тебелетип кетти

Москвада автобус жер алдындагы өтмөктө жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кетти. Расмий маалыматтар боюнча 4 киши мерт болду, 11и жаракат алып, алардын ичинен 9у ооруканага жаткырылды.

Окуя «Славян бульвары» метросуна жакын жерде, Кутузов проспектисинде болду. Автобустун айдоочусу кармалды. Сурак учурунда ал аварияга кабылган автобусту дүйшөмбү күнү биринчи жолу айдаганын айтып берди. «Колумду ручниктен алган маалда автобус жүрүп кетти. Аны токтотуу үчүн бардык аракетимди жасадым. Автобустун коробкасы автомат, андыктан эч нерсе кыла албадым», — деген айдоочу.

Полиция окуянын эки версиясын карап жатат. Алардын бирине ылайык, айдоочу башкарууну жоготуп койгон, экинчиси боюнча автобус бузук болгон. Мамлекеттик «Мострансавто» ишканасы автобус 2017-жылы чыкканын, айдоочунун 30 жылдык тажрыйбасы бар экенин билдирүүдө.

Photo 54211

Бул окуядан кийин Кутузов проспектисиндеги бардык жүргүнчү автобустар текшерүүдөн өтүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18