17:25, 25 декабря 2017, 24.kg

Биздин жылдыздар сүйгөн жаңы-жылдык ыр

Баарыбыздын эле бала бакчадагы балатыларыбыз «кичине балаты үшүдү кышта менен башталып», андан кийин «кар жаады, кар жаады, аппак жаады» же «жаңы —жылды тосолу, жаңы бакыт кошолу» — деп уланса керек.

Кыргыз үй ыр дүйнөөсүндө кайсы ыр Жаңы жылдык салтуу ыр болуп эсептелет? Ырчылар бул майрамды кайсы ыр менен байланыштырат?

Гүлнара Тойгонбаеванын жаңы жылдык ыры бала кезинен бери келе жаткан «Балаты». Аны ырчы жаз ыргагына салып ырдап да жүрөт.

«Бул балалыктык, майрамдык сыйкырдын элеси» — дейт ырчы.

Photo 54165

Ал эми өзүнүн репертуарындагы орус тилиндеги «Новый свет — Новому году» ырын өзүнүн жаш шакирттери менен бирге аткарып калат. Бул 200-жылы жаралган ырдын авторлору Гүлмира Сарман жана Адель Өмүралиева.

Айчүрөк Иманалиева Каныкей Эралиеванын ар бир үйдө жаңырган жана ар бир кыргызстандыкка таанымал ыры менен майрамды айкалыштырат.

Photo 54163

«Бул ыр ар бир көгүлтүр оттун көркүн ачат» — дейт Айчүрөк Иманалиева.

Айчүрөк Иманалиеваны кесиптешин Токтобүбү Черикчиева да колдойт. Бул ырды хор менен майрамдык салтанаттарда ырчылардын көпчүлүгү аткарып жүрүшөт.

«Калп айтпайын, бирок, менин өзүмдүн репертуарымда жаңы-жыл боюнча ырым жок» — дейт Токтобүбү Черикчиева.

Photo 54162

Андан тышкары Бек Борбиевдин «Кел Жаңы жыл!» ыры дагы ырчылардын сүйүктүү ырларынан.

Аскат Мусабеков Сыймык Бейшекеевдин «Жаңы-жыл» аттуу ырын аткаруучулардын бири. Бул дагы көпчүлүктүн купулуна толгон ырлардан.

Photo 54164

Белгилүү алып баруучу Турат Касымбеков достору менен бирге Last Christmas ырын орусча которуп, аткарышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18