11:43, 25 декабря 2017, 24.kg

Кино анонс. Кайрат Нуртастын тасмасы Бишкекте көрсөтүлүп баштады

«Арман»
Казак ырчысы Кайрат Нуртас менен аялы Жылдыз Абдыкеримова чогуу тартылган тасманын бет ачары өткөн жумада Бишкекте өттү. Ага ырчы жубайы менен келип, кыргыз шоу бизнес өкүлдөрү катышты.

«Арман» тасмасына Кайрат Нуртас бир топ каражат жумшагандыгы, анда анын үй-бүлөсүнүн дагы өмүр жолу камтылгандыгы айтылат. Негизинен сюжетте белгилүү футболист менен мектеп мугалиминин махабат жолу баяндалат.

Photo 54095

Тасма Бишкектеги баардык кинотеатрларда 18 жаштан жогоркулар үчүн көрсөтүлө баштады. Баасы: 80-150 сом.

«Бажарики2»
Амантур Ормукеев «Бажарики» тасмасынын уландысын тартты. Мында бажалар кайын-атасы менен кайын-энесинин маараке тоюн өткөрүп берүүгө камынышат. Бирок, күйөө балдары аялдарындай эле ата-энеси ажырашып кеткенин билишпейт.

Photo 54096


Үй-бүлөлүк кызыктуу комедия 90 мүнөткө уланып, жаш курагы боюнча чектөө жок.

«Бунт»
«Бунт» дагы ырчы, куудул жана тамашоучулдардын катышуусунда тартылган комедия. Анда бир үй-бүлөнүн үч түрлүү баласы жана келиндеринин окуялары, карым-катнаштары, кайынэненин, кайынэженин орду тартылган.

Photo 54086

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18