09:21, 25 декабря 2017, 24.kg

Кыргыз режиссеру итке ак калпак кийгизген жаранды жоопко тартууну суранат

Кино режиссер Ырысбек Жабиров 22-декабрь күнү «Бишкек-Парк» соода үйүндө өткөн көргөзмөнүн уюштуруучуларын жана ага катышкан жаранды жоопко тартуу сунушу менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Ал башкы прокурор Индира Жолдубаевадан көргөзмөдө итине ак калпак кийгизип чыккан жаранды мыйзам жоопкерчилигине тартууну талап кылууда.

«Мамлекетибиздин баалулуктарынын катарында аздектелген, аталардан мурас калган, улуттук баш кийимибизди, кыргыздар итке кийдирмек турсун, өзүнөн төмөн жерге таштабаган. Алар ойлогондой бул мода дагы, искусство дагы эмес. Ар бир кыргыз үчүн, эли, жери, туусу, ак калпагы ыйык. Мен алардын итке кыргыз калпагын кийгизүүсүн, кыргыз элин шылдыңдоо, итке теңөө жана улутка болгон наадандык көз-караш деп билем. Мындан 2-3 жыл мурун ак калпакты жана ак калпак кийген кыргыздарды мазактаган сүрөт көргөзмө өтүп, алардын уюштуруучулары элден кечирим суроо менен кутулушканын көпчүлүк эл билет. Мындай көңүл иренжиткен көрүнүштөр кайталанбасы учун, башкаларга сабак болчу чечим кылууңарды өтүнөм» — дейт Ырысбек Жабиров. 

Белгилей кетсек, 22-декабрда жаңы-жылга карата иттердин көргөзмөсү өткөн. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18