08:52, 25 декабря 2017, 24.kg

Түркияда дагы 2700 «гүленчи» мамлекеттик кызматтан бошотулду

Түркияда мамлекеттик кызматтарда иштеген дагы 2756 киши террордук топко байланышы бар деген жүйө менен иштен бошотулду.

Өкмөттүн 24-декабрда жарыяланган чечимине ылайык, кызматтан алынгандардын 637си аскердик кызматкерлер, 360ы жандармерия өкүлдөрү, 150дөйү илим жаатында иштегендер, калганы университет кызматкерлери болгон.

Түрк бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен жана анын кыймылы уюштурду деп ишенет. Гүлен бул дооматтарды четке каккан.

Төңкөрүш аракетинен бери Түркияда Гүлен кыймылына байланышы бар деген шек менен 110 миңден ашуун адам иштен айдалып, 50 миңдейи камакка алынган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары президент Режеп Тайып Эрдоганды төңкөрүш аракетинин шылтоосу менен сынчыл көз караштагы адамдарды бутага алып жатат деп айыптап келишет. Эрдоган жана анын тарапкерлери Гүлен кыймылынын коркунучун алдын алуу үчүн тазалоо аракети зарыл деп жооп кайтарууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18