14:42, 20 декабря 2017, 24.kg

Мадумаров депутаттардын чет өлкөгө сапарынын чыгымдарын эсептөөнү сунуштады

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге депутаттардын чет өлкөгө сапарынын чыгымдарын эсептеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Саясатчынын айтымында.  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Ташкентке сапарынын максаты белгисиз

«Эмнеге барды Ташкентке? Эмне ишти бүтүрөт экен? Мурда журналисттер депутаттардын иш сапарларын көп жазат эле. Азыр эмнеге каякка учуп, бюджеттен канча акча коротуп жатканын жазбайсыңар?» - деди Адахан Мадумаров.

Адахан Мадумаровдун пикиринде, Дастан Жумабеков Астанага учуп, ЕАЭБтин иштери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө туура болмок. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18