11:48, 19 декабря 2017, 24.kg

Бишкекте майыптардын оор жашоосун чагылдырган тасма көрсөтүлөт

Бүгүн Бишкекте майыптардын оор жашоосун чагылдырган тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу «Эгемендик айымдар» клубунун жетекчиси Элвира Боромбаева билдирди.

«Юзуриха дарагы» япон тасмасы атайын кыргыз тилине которулду. Тасмада дүлөйлөрдүн турмушу жана коомдогу орду, алар дуушар болгон кыйынчылыктар баяндалат.

Элвира Боромбаеванын айтымында, майыптардын тең укуктуулугу толук корголгон эмес. 

«Майыптар коомчулук үчүн ыңгайсыздык. Коляскада олтурган киши айрымдар байкабаганга аракет кылса, кээ бир жардамын сунуштайт. Бирок, алар дагы толук кандуу эле кишилер. Бизде өкмөт майыптардын укуктарын камсыз кылууга даяр эмес» -дейт Элвира Боромбаева.

Тасманы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бекер көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, премьер-министр Сапар Исаков мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Конвенциясын Кыргызстан каражат жоктугунан быйыл кабыл ала албастыгын маалымдаган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18