09:03, 18 декабря 2017, 24.kg

Дүйнөлүк Банк Тажикстандын айыл чарбасы үчүн дагы $15 млн. бөлдү

Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Тажикстандын айыл чарбасын коммерциализациялоо долбоорун колдоо үчүн кошумча 15 миллион доллар каражат бөлүү чечимин бекитишти.

Долбоор тажик фермелерине жана айыл чарба ишканаларына жардам берүүгө, алардын ички жана эл аралык рынокко чыгуусуна жол ачууга багытталган.

Дүйнөлүк банктын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Ян-Петер Олтерс айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын экспорттоо үчүн болгон мүмкүлчүлүктөрдү колдонуу, өндүрүштү өстүрүүгө жана элет жеринде калкты иш менен камсыздоого түрткү берет деп эсептейт.

Айыл чарбасын коммерциализациялоо боюнча алгачкы долбоор үчүн Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан 22 миллион доллар бөлүнгөн. Анын алкагында 1000дей жеке фермер, чакан жана орто айыл чарба ишканаларына жардам көрсөтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18