09:01, 18 декабря 2017, 24.kg

Өзбекстанда үч эмди Шавкат, Миромон, Мирзиё деп аташты

Өзбекстандын Хорезм облусунда төрөлгөн үч эмге өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзиёевдин ысымы ыйгарылды.

29 жаштагы Мансурбек Матжонов балдарына Шавкат, Миромон жана Мирзиё деген ат койду.

Бул жаңы төрөлгөн балдарга өзбек президентинин аты ыйгарылган алгачкы учур эмес. Мурдараак Бухаранын жашоочусу Жамшид Шодиев дагы уулдарын Шавкат, Миромон жана Мирзиё деп атаган.

Балдарына өлкө жетекчисинин атын берүү тенденциясы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эле болгон. Үч жыл мурун Анжиян облусунда төрөлгөн наристелерди Исломжон, Абдугани жана Каримжон деп аташкан. 2013-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген төрт эмге Хасан, Хусан, Ислам жана Карим ысымы ыйгарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18