17:17, 15 декабря 2017, 24.kg

Суроо-жооп: Диний фанатка айланган кишини кантип артка кайтарууга болот?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Менин жолдошум Бангладешке даватка барып келди. Эми Меккеге камынып жатат. Эки уулубуз бар. Алардын каршылыгына карабай медресеге берди. Биздин үйдө атанын чечими талкууланбайт. Жолдошум фанат болуп кеткенин түшүнүп турам. Кантип артка кайтарсам?

Photo 52996

Жооп: Динде болобу, жашоодо болобу ортолукту сактап жүргөн оң. Эгер өмүрлүк жолдошуңуз менен көз-караштарыңызда ажырым пайда болгон болсо, ага эмес, өзүңүзгө бул жашоодо эмне керектигин ойлоңуз. Сиз биринчи кезекте өзүңүздүн, балдарыңыздын кызыкчылыгын коргоого милдетүүсүз. Ал сиздин күйөөңүз болгон учурда дагы унчукпай айтканын кылганыңыз туура эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин теолог диний фанат болуудан, радикалдашуудан дин тууралуу туура маалымат жана билим гана сактай аларын айткан. Ошондо гана терс агымдардын жана инсандардын таасиринен алыс боло алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18