09:06, 15 декабря 2017, 24.kg

Кыргызстан Самара облусунда жол кырсыгында жабыркаган жарандарына жардам берет

Кыргызстан Самара облусунда жол кырсыгында жабыркаган жарандарына жардам берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, министрликтин эл аралык бөлүмү кыргызстандыктар жаткан Самара облусунун Нефтегорск борбордук ооруканасынын жетекчилиги менен сүйлөштү. Алар кыргызстандыктардын дарылануусуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр.

Эскерте кетсек, 7-декабрда Россиянын Самара облусунда жол эки оор жүк ташуучу унаа кагышып кеткен. Кыргызстандын бир жараны каза болуп, Жаңыл Кусейинова менен алты жаштагы Алихан Кубанычбеков ооруканага жеткирилген. Бала азыр комада жатат.

Алихандын апасы Айсулуу Абдрахимова социалдык тармак аркылуу комадан жаткан уулуна, ооруканадагы апасына жардам сурап мекендештерине кайрылган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18