08:58, 15 декабря 2017, 24.kg

Түркмөнстанда азык-түлүк жетишпей, баалар кымбаттоодо

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түздү. Мамлекет башчы мындай чечимди өлкөдө ун тартыштыгы жана азык-түлүк кымбаттагандыгы тууралуу билдирүүлөрдөн кийин кабыл алды.

Ашхабадда тооктун жумурткасынын тартыштыгы жаралып, анын баасы кескин кымбаттады. Алардын айтымдарында, декабрдын башында Ашхабаддын базарларында бир даана жумуртканы 40 тенгеден сатып алууга мүмкүн болсо, учурда алар 60-65 тенгеден сатылууда. (Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 1 АКШ доллары 3.5 манатка барабар). Бул азык-түлүккө болгон жалпы баанын жогорулашынан улам аталган азыкка болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу экени айтылууда.

«Базарларда азык-түлүк күн өткөн сайын кымбаттап жатат. Ага кошумча коммуналдык кызматтар, электр энергиясы, газ жана суу үчүн төлөмдөр дагы жогорулады. Мындай шарттарда жумуртка эң жеткиликтүү азык-түлүк болуп жаткан», — деп билдирди Ашхабаддын тургундарынын бири.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18