17:16, 14 декабря 2017, 24.kg

Дин боюнча суроолорго жооп. Радикалдуу топтордон оолак болуу жолу

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Менин 20 жаштагы уулумдун жаңы тааныштары пайда болду. Ал өзү негизинен өтө эле кишиге жакын эмес, көп сүйлөбөйт. Жума намазда бир киши менен таанышыптыр. Ал кайра-кайра балама телефон чалып, кат жазат. Жаңы достору уулумду Түркияга даватка чакырыптыр. Баары эле жөн жерден эмес, шек санап жатам. Кантип алар менен уулумдун байланышын үзсөм болот? Бирок, андан кийин балам мага таарынбагандай болсо.

Жооп: Сиздин уулуңуздун жаңы достору ал жөнүндө жакшы билишет. Таалуу жерлерин да тартып көрүшкөн окшойт.
Бул жерде кеп анын тааныштарында эмес, балаңызда жана сиздин ага мамилеңизде. 20 жаштагы бала өзү чечим кабыл ала алат. Жаңы тааныштары менен сүйлөшүүгө тыюу сала албайсыз. Андан көрө аны колдоп, жакшы жакка шыктандырып, келечектеги пландарын талкуулап, өз алдынча туура чечим кабыл алууга үйрөтүңүз. Ошондо ал өзү жаман менен жакшыны айырмалап, ал үчүн зыяндуу кишилерден алыс болот.

Photo 52715

Ал эми радикалдуу топтордон алыс болуу боюнча буга чейин адис жооп берген. Анда ислам боюнча терең жана туура маалымат гана ар кандай терс диний агымдардан сактары айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18