16:05, 14 декабря 2017, 24.kg

Өзбекстан менен Кыргызстан Кытай менен темир жолдун курулушун баштоого кызыкдар

Өзбекстан менен Кыргызстан Кытай менен темир жолдун курулушун баштоого кызыкдар. Бул боюнча Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиеевдин жолугушусунда белгилүү болгондугун «Озодлик» маалымдайт.

Эки өлкө темир жолдун курулушу боюнча баардык суроолорду талкуулап, бир бүтүмгө келгендиги белгиленет. Жолдун курулушу эки өлчө үчүн тең маанилүү болгондуктан курулушту тездетүү үчүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр 25-декабрда башталмакчы.

Эскерте Кытай менен темир жол куруу 2014-жылга чейин катуу талкууланып, бирок, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин токтоп калган. Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Казакстан менен чек ара чырында  темир жолдун курулушунун токтошуна эл аралык донорлордон насыяга алууга каршы чыккан депутаттарды күнөөлөгөн. 

Кыргызстан менен Өзбекстан бул темир жол менен Кытай аркылуу башка рынокторго жол ачыларына ниеттенишет. 

Темир жолдун наркы 6-6,5 миллиард долларга бааланган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18