15:43, 14 декабря 2017, 24.kg

Эки жарым жашар баласын көчөдө тепкен жаран аталык укугунан ажыратылбайт

Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бариер Адиев аталык укугунан ажыратылбайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаарынын Октябрь райоунун социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова билдирди.

Анын айтымында, балаынын апасы Асел Эржанова кечээ жазган арызын кайра алды.

«Ал баласынын ден-соолугуна зыян тийгизбегенин айтып, арызын кайра алды. Анүстүнө баласы атасын сагынып, күнүгө сурап жатыптыр», — деп белгилешти.

Эскерте кетсек, 2-декабрь күнү интернетте киши көчөдө жыгылган баланы ичке тепкен видео тараган. Ал эки жарым жашар баланын өз атасы экени такталып, кармалган. Бариев Адиев эки айга камалып, жумушунан айдалган. Баласынын апасы Асел Эржанова күйөөсүн аталык укугунан ажыратууну суранып, арыз жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18