13:10, 14 декабря 2017, 24.kg

Кыска кеп. Кинотеатрларда кыргыз тилинде көрсөтүлүп жаткан тасмалар

Бишкек шаарынын кинотеатрларында кыргыз тилинде көрсөтүлүп жаткан тасмалар.

«Саякбай»

Тасманын режиссеру Эрнист Абдыжапаров. Залкар манасчынын ролун Марат Жанталиев аткарат.

Photo 52690

Тасмада Саякбай Каралаев менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу сүрөттөлөт. Жазуучунун ролунда — уулу Элдар Айтматов. Тасма бир катар эл аралык сынактарда женүүчү аталды. Айтмакчы, мында белгилүү актриса Элина Абай кызы дагы тартылган.

Эрнист Абдыжапаров буга чейин «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» тасмаларын тарткан.
Тасма Синематика тармагында күндүз көрсөтүлүүдө.

«АТА» тасмасы

Бул тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жакшы гана пикирлерди топтоп жатат. Режиссер Бакыт Осмонканов мыкты актерлорду топтой алган.

Photo 52694

Тасма аялын жол кырсыгында жоготуп, уулу менен кызы жалгыз карап, тагдырдын биринин артынан бири келген соккуларын көтөргөн эрктүү ата жана үй-бүлө аялдын, эненин ордун тууралуу баян десек жаңылышпайбыз. Апалар бар болсун!

Тасманы чак түштөн баштап, түнү да барып көрүүгө болот.

«Апал-Үпөл»

Ырыс Жоомартова кызыктуу комедия сунуштайт. Аты айтып тургандай бул эгиз кыздар жөнүндө. Комедия болгону менен ымыркай кезинде бири-биринен ажырап, балалыгын эки башка жакта өткөргөн эгиздердин оор тагдыры баяндалат.

Photo 52693

Анткен менен экөө бири-бири менен таанышып, көнүшүп, чогуу тоскоолдуктарды жеңип, алар туш болгон кызыктуу окуялар менен коштолот.

Тасмага шоу бизнес жылдыздары дагы тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18