17:57, 13 декабря 2017, 24.kg

Бишкекте изделген кыз табылды. Ал өз эрки менен ала качууга макул болуптур

Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жоголгон кыз табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, кыз 18 жашта. Аны алып качкан жигити 22 жашта. Экөө сүйлөшүп, ала качып үйлөнмөй болушкан. Бишкектен чыгып, Таласка барып үйлөнүштү. Бул боюнча экөө тең ата-энеси билишет.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык милициясы акыркы эки күндөн бери ак «Степвагон» менен ага бир нече жигит күчтөп салып кеткен кызды издеди. Бул тууралуу күбөлөр «102» номерине билдиришкен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18