12:15, 13 декабря 2017, 24.kg

Кыргызстанда эң популярдуу социалдык тармак — «Одноклассники»

Кыргызстанда эң популярдуу социалдык тармак — «Одноклассники». Бул тууралуу өлкөнүн медиарыногун жылдык иликтөөнүн жыйынтыгында айтылат.

Иликтөөгө катышкандардын 35 пайызы «Одноклассники» социалдык тармагында олтурарын айтышкан. 23 пайызы — Instagram, 13 пайызы— Facebook колдонот.

Иликтөөнүн жыйынтыгында гезиттердин окурмандарынын саны азайып бара жатканы байкалат. Эгер, 2016-жылы суракка катышкандардын 57,16 пайызы гезит окуурун айтса, бул жылы 47 пайыз гана.

Басылмалардын арасында «Супер-инфо» көп добуш алса, «Вечерний Бишкек», «Дело №...», «Даарыгер» жана «Кутбилим» алдынкы бештикти түздү.

Телеканалдардан КТРК алдыда, андан кийин «Музыка» (КТРК), ОРТ, «Баластан» жана НТС турат.

Ал эми радиолордон «Кыргызстан обондору» сап башында. Андан кийин «Европа плюс», «Миң кыял», «Тумар» жана «Санжыра» жайгашты.

Иликтөө 16 шаар жана 165 айылда жүргүзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18