08:48, 13 декабря 2017, 24.kg

Казакстан Сириядагы жаш казак балдарын мекенине кайтаруу аракетин көрүүдө

Учурда Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарында 390 казакстандык бала бар. Алардын 214ү эркек, 176сы кыздар. Бул тууралуу 12-декабрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир нече жыл ичинде аталган өлкөлөрдөн 63 бала мекенине кайтарылган. Билисбековдун айтымында, жакында кеминде дагы 50 баланын Казакстанга алынып келиниши күтүлүүдө. «Биз бул маалыматтар чындыкка дал келе деп кепилдик бере албайбыз», — деп кошумчалады Билисбеков.

Быйыл казак бийлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, террористтик жана башка оор кылмыштарды жасоого күнөөлүү деп табылган адамдар жарандыктан ажыратылат.

Бийликтин маалыматы боюнча, акыркы бир нече жыл ичинде Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарына жүздөгөн казак жараны чыгып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18