10:47, 12 декабря 2017, 24.kg

Чубак ажы Жалиловго кош никеси үчүн кылмыш иши козголбойт

Чубак ажы Жалиловго кош никеси үчүн кылмыш иши козголбойт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, Чубак ажы Жалилов эки жолу суралып, жүргүзүлгөн текшерүүдөн иш козгоого негиз тапкан жок.

Бирок, милиция учурда диний аалымга карата жазылган экинчи арызды кароодо. Анын аялы Гүлнур Жалилова жазган. Ал Чубак ажы Жалилов аны жана балдарын өлтүрөм деп коркутканын билдирген.

Айрым маалыматтар боюнча Гүлнур Жалилова беш баласы менен учурда «Сезим» кризистик борборунда. Бирок, борбор бул маалыматты ырастабайт дагы, четке какпайт дагы. «Сезимге» кайрылган аялдардын өздүгү сыр бойдон сакталат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18