09:02, 12 декабря 2017, 24.kg

Киевде сот Михаил Саакашвилини камоодон баш тартты

Киевде сот Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини үй камагына алуудан баш тартты. Мындай жол менен прокуратуранын доо арызы четке кагылып, саясатчы бошотулду.
Украина бийлиги Саакашвилини «мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган» деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке какты.

Дүйшөмбүдөгү соттук отурумда ал өзүнө каршы козголгон кылмыш иши Орусия президенти Владимир Путинге карата «белек» экенин билдирди. Саакашвили бул иш менен алектенгендердин баарын «ФСБ тыңчылары» деп атады.

Соттун чечими чыккандан кийин Саакашвили прокурорлорго аны украин саясатынан оолак тутуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады. Ал эл менен түз байланышын уланта берерин айтты. Грузиянын мурдагы президентинин тарапташтары 17-декабрда Киевде митинг өткөрүшөрүн билдиришүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18