09:01, 12 декабря 2017, 24.kg

Казакстанда кенчилердин жер алдындагы нааразычылык акциясы уланууда

Караганда облусунда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын төрт шахтасында иштеген кенчилер менен сүйлөшүүлөр уланууда.
Маалыматтарга караганда, шахтачылар 11-декабрдан бери жер үстүнө чыкпай, нааразычылык билдиришүүдө. Алар айлык акынын көтөрүүнү талап кылып жатышат

Көмүрчүлөрдүн «Коргау» кесиптик бирикмесинин төрагасы Марат Миргаязов шахтадагы кенчилер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын 200дөй кенчиси түнкү нөөмөт бүткөндөн кийин 11-декабрь эртең менен шахтадан чыгуудан баш тарткан. Шахтерлордун негизги талабы — маянаны 100 пайызга жогорулатуу.

Шахтага ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы жумушчулардын акциясы мыйзамсыз экенин билдирүүдө. Алардын маалыматы боюнча төрт шахтанын жумушчуларынын жарымы сыртка чыгуудан баш тыртышкан. Калган шахталар штаттык режимде иштеп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18