15:07, 11 декабря 2017, 24.kg

Чубак ажы Жалилов үй-бүлөлүк чатагы боюнча маалымат жыйын өткөрөт

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов үй-бүлөлүк чатагы боюнча маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

«Азыр эч кандай суроого жооп бербеймин. Убагы келгенде маалымат жыйын өткөрүп, ошондо баары билесиңер. Азыр эмес. Чыдап тургула» — деди экс-муфтий.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Чубак ажы Жалиловдун аялы Гүлнур Жалилованын билдирүүсү боюнча текшерүү баштады. Гүлнур Жалилова өзүнүн жана балдарынын өмүрүнө коркунуч туулганын жазып милицияга арыз менен кайрылган. Арызда ал Чубак ажы балдарын чычкандын уусун берип өлтүрөм деп коркутканын айтат. Гүлнур Жалилова учурда «Сезим» кризистик борборунда экендиги да маалымдалууда. Бирок, борбор алар мындай маалыматтарды ачыктабастыгын айтууда.

Чубак ажы Жалилов эки жума мурда экинчи аял алганын, биринчиси бир аз таарынып жатканын айткан. Айрым маалыматтарга караганда 42 жаштагы ажы 30 жаштагы кызга үйлөндү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18