11:20, 11 декабря 2017, 24.kg

Чубак ажы Жалиловдун аялынын арызы боюнча кылмыш иши козголо элек

Чубак ажы Жалиловдун аялынын арызы боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, азыр тактоо иштери жүрүп жатат. Аялы «Сезим» кризистик борборуна кайрылганы чын. Бирок, Гүлнур Жалилованын кайсы жерде экендиги белгисиз.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык ИИБсына Гүлнур Жалилованын арызы келип түшкөн. Анда ал күйөөсү Чубак ажы Жалилов анын жана балдарынын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айткан. Айрым маалыматтар боюнча Гүлнур Жалилова беш баласы менен учурда «Сезим» кризистик борборунда. Бирок, борбор бул маалыматты ырастабайт дагы, четке какпайт дагы. «Сезимге» кайрылган аялдардын өздүгү сыр бойдон сакталат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18