11:09, 11 декабря 2017, 24.kg

Сапар Исаков: 2019-жылы аткаминерлердин баардыгы катуу көзөмөлдө болушат

«2019-жылы аткаминерлердин баардыгы катуу көзөмөлдө болушат », — деп премьер-министр Сапар Исаков «Таза коом» эл аралык жыйынында билдирди.

Өкмөт башчысынын айтымында, электрондук өкмөткө өтүү жолу анчейин байкалбайт. Коомчулук ал жумушту көрбөйт.

«Биз ар бир аткаминер жумушка келгенде эмне менен алек болуп жатканын карап турабыз. Анын негизинде жыйынтык чыгарылып, жумушунун натыйжалуугу каралат. Мамлекеттик кызматка толук берилип иштей ала турган адамдар келиши керек», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчысы ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлердин маянасы дагы көтөрүлөрүн кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18