09:33, 11 декабря 2017, 24.kg

Кыргызстанга киргизилбеген Франс Пресстин журналисти Дубайга депортацияланды

Франсс Пресс агенттигинин кабарчысы, британиялык журналист Крис Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга кайра депортацияланды. Бул тууралуу анын кесиптеши Толкун Наматбаева билдирди.

Дубайдан Риклтон Франсс Пресстин Казакстандагы кеңсесине барууну пландап жатат. Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген британиялык Крис Риклтон Кыргызстанга кире албай калганын 9-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киргизет деп үмүт артарын айткан. Ал Фейсбуктагы кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Франс Пресс агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын активдүү чагылдырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18