Маевкада 61 жаштагы аял үйүндө түтүнгө ууланып мерт болду
Аламүдүн районунун Маевка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алардын айтымында, 1958-жылы туулган үйдүн ээси өрттөн чыга албай, түтүнгө ууланып көз жумду. Өрттүн себеби текшерилүүдө.