16:22, 08 декабря 2017, 24.kg

Сот депутат Исаев менен чогуу кармалгандарды баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев менен чогуу кармалган Дениз Раимкуловдун баш коргоо чарасын сот өзгөрүүсүз калтырды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Бактыбек Жумашов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Сокулук районунун Гаврилов айылынын мурдакы жетекчиси Дениз Раимкуловдун айыбы жок. Аны соттон күрөөгө үй камагына бошотууну суранышкан.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаев 30-октябрда камоого алынган. Ага бийликти күч менен басып алуу айыбы тагылган. Исаев менен бирге Дениз Раимкулов, Салык кызматынын райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рамис Жунусалиев, жарандык активист Мелис Аспеков жана Майрамбек Маткулов кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18