14:07, 08 декабря 2017, 24.kg

Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Калифорнияда

Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Калифорнияда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, КТРКнын журналисти Элнура Молдокадырова менен КСДПнын мурдакы мүчөсү Ренат Самудинов АКШнын Калифорния штатынын Аделанта шаарында убактылуу кармалуучу жайда соттун чечимин күтүүдө.

«Алар саясый башпаанек сурашкандыктан АКШнын мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берилбейт. Алар менен жолугушууга дагы болбой жатат», — дейт ТИМ.

Эскерте кетсек, Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын АКШдан саясый башпаанек сураганы 9-ноябрда белгилүү болду. Алар Мексика аркылуу Америкага өтүп, чек арада башпаанек алууга арыз беришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир катар журналисттер чет өлкөдөн саясый качкын макамын алышкан. Өз мекенинде активдүү иштери үчүн куугунтукка алынып, өмүрүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралган жарандарга саясый качкын макамы берилип, алар коргоого жана материалдык колдоого алынат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18