13:48, 08 декабря 2017, 24.kg

Кышкы олимпиада оюндарында кыргызстандык спортсмендер дагы катышат

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-25 февралында өтө турган кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчулдары дагы катышат. Кыргыз спортчулары лыжа жана биатлон боюнча ат салышат.

Бул тууралуу Жаштар, дене-тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Ху жана консулу Ю Менг Су менен жолугушу учурунда билдирди.

Тоо лыжасы боюнча чебер Евгений Тимофеев олимпиадага жолдомо алды.Спортчулар азыр Швейцария, Астрия жана Россияда даярдыктан өтүүдө. Түштүк Кореянын элчиси жардам көрсөтүүгө даярдыгын айтты.

Олимпида-2018 башка оюндардан айырмачылыгы азыр эле белгилүү. Анда олуттуу атаандаштардын бири - Россиянын курама командасы катышпайт. Эл аралык олимпида комитети Россиянын спортчуларына Пхенчхандагы мелдештерге катышууга тыюу салды. Алар оюндарда нейтралдуу туунун астында гана күч сынаша алат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18