09:02, 08 декабря 2017, 24.kg

АКШнын чечими Иерусалимде башаламандыктарды жаратты

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бир катар шаарларда АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимине каршы чыккан палестиналык демонстранттар менен полиция кагылышты. Палестиндер тартип коргоочуларга таш ыргытып, полиция жаш агызчу газ, желим окторду колдонгонун Рейтер агенттиги кабарлады.

Акция учурунда 30дан көп киши жараат алды.

«Хамас» радикалдуу уюмунун лидери палестиналыктарды массалык көтөрүлүшкө, мусулмандарды 8-декабарда демонстрацияларды өткөрүүгө чакырды.

Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин катуу сындап, бул кадам Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды оорлоштурду жана эл аралык коомчулуктун бөлүнүшүнө алып келди деп билдирди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 7-декабрда Орусия жана Түркия президенттери бул маселени талкуулашарын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18