15:31, 07 декабря 2017, 24.kg

Депутат көп аял алгандарга каршы жазаны күчөтүүнү сунуштайт

Көп аял алгандарга каршы жазаны күчөтүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, Кылмыш кодексинин көп аял алгандарга жаза каралган 153-беренесин алып салуу аракетин бир нече жолу болгон. Бирок, ага карабай кодекстин 2019-жылы күчүнө кире турган жаңы редакциясында дагы ал сакталып калды.

«Биз жазаны күчөтө алган жокпуз. Бирок, акыркы талкуу дагы көрсөттү, бул беренеге өзгөртүү киргизиш керек. Биз бул тарапта иш жүргүзөбүз» - Айнуры Алтыбаева.

Эскерте кетсек, мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов экинчи аял алгандыгын жарыялап, башка эркектерди дагы токол алууга үндөгөн. 

Бүгүн жарандык коомдун өкүлдөрү парламентке, өкмөткө кайрылып, көп аял алууну мыйзамдаштыруу айланасында талкууларга чекит коюуну талап кылды. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынан кош никелүүлүккө каршы мыйзамдарды иштеп чыгууну,  муфтияттан көп аял алууга чакырыктардын алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18