11:19, 07 декабря 2017, 24.kg

Жогорку Нарын каскады ГЭСин курууга эки ишкана кызыгууда

Жогорку Нарын каскады ГЭСин курууга эки ишкана кызыгууда. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, экөө тең потенциалдуу инвесторлор. Сүйлөшүү жүрүп жатат.

«ГЭСтин курулушуна байланыштуу көп сөздөр болду. Мамлекеттик кызыкчылыгы корголот деп айта алам. Долбоорду аягына чыгарабыз» — деди премьер-министр.

Сапар Исаков азыр Камбар-Ата-1 долбоорундагы Россиянын үлүшүн сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

«Техникалык экономикалык түшүндүрмө 5 миллион доллар турат. Андан тышкары россия тарап киргизген акча да бар. Жакын арада аны да чечебиз», — деди Сапар Исаков.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18