10:44, 07 декабря 2017, 24.kg

Депутат Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудиновго кабатыр

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КТРКнын журналистти Элнура Молдокадырова менен жарандык активист, КСДПнын мурдакы мүчөсү Ренат Самудиновго кабатыр. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Ирина Карамушкина Кыргызстандын АКШдагы элчисинен экөөнүн тагдыры боюнча расмий интервью берүүсүн талап кылды.

«Биз алардын Мексика менен АКШнын аймагында кармалганын билебиз. Андан аркы тагдыры белгисиз. Албетте, алардын кадамы чыккынчылыкка барабар. Бирок, алар баары бир биздин жарандар. Андыктан, элчилик кабар алышы керек», —дели Ирина Карамушкина.

Акыркы жолу 9-ноябрда Ренат Самудинов жубайы Элнура Молдокадырова менен Мексика менен чек арада кармалып, атайын кармалуучу жайга киргизилгени айтылган. Алар АКШдан саясый баш паанек сурашты.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18